www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүш үчүн атайын жүрөккө атышкан. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев билдирди.

«Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Ниязбековду түз эле жүрөккө атышканын көрсөттү. Башкача айтканда аны атайын эле өлтүрүш үчүн атышкан. Эскертүү иретинде бутка же колго атса болмок. Үсөн дароо өлгөн», деген Опумбаев.

Бүгүн, 13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча маалымат берүүдө, деп "Азаттык" жазып чыкты.

Эске сала кетсек, 9-августта Бишкек шаарындагы 5-кичирайондо Кой - Ташта ок тийип каза болгон, маркум спецназ Үсөнбек Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болгон.

8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости