www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-январда Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили кызматтан кеткенин жарыялады. Ал Тблисиде сүйлөгөн үч мүнөттүк сөзүндө өкмөттү жетектөөгө "башкаларга" да мүмкүндүк берүү зарыл экенин айтты.

Гарибашвили кызматтан кеткенден кийин бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын лидери бойдон кала берет. Ал быйыл күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн даярдыкты баштоого мезгил келгенин белгиледи.

Азырынча өлкөнүн жаңы премьер-министри ким болору айтыла элек.

Ираклий Гарибашвили Грузиянын премьер-министри болуп 2021-жылдын декабрында дайындалган. Бул кызматты ал ага чейин 2013–2015-жылдары да ээлеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости