www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун өкүлдөрү «China Southern Airlines» авиакомпаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу 11-февралда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, жолугушууда Гуанчжоу—Бишкек—Гуанчжоу каттамы боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын баштоо маселелери, ошондой эле Бишкек—Гуанчжоу—Санья (Хайнань провинциясы) багыты боюнча каттамды ачуу келечеги талкууланды.
Кытай тарап Гуанчжоу—Бишкек—Гуанчжоу каттамын 2026-жылдын 29-мартында баштоо пландалганын маалымдады. Учуулар жумасына эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылышы күтүлүүдө. Авиабилеттер 11-февралдан баштап сатылат.