www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский коопсуздук кепилдиктери боюнча документтер даяр болгонун билдирип, “ишенимдүү кепилдиктер гана тынчтыктын чыныгы пайдубалы боло алат” деп белгиледи. Анын айтымында, жакынкы күндөрү коопсуздук жана коргонуу жаатында маанилүү эл аралык иш-чаралар өтөт.
Январь айынын соңунда Абу Дабиде Россия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрү коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын өткөрүшкөн. Анда АКШ сунуштаган тынчтык планынын чечилбей калган пункттары жабык форматта талкууланган. Чет элдик ЖМКлар жазгандай, сунушта Донбассты толук Россиянын көзөмөлүнө өткөрүү, Донбасс менен Крымды Россияныкы деп таануу, айрым фронттук аймактарда ок атышууну токтотуу, Украина куралдуу күчтөрүн кыскартуу жана өлкө аймагына чет элдик аскерлерди жайгаштырбоо сыяктуу шарттар камтылган. Кремль узак мөөнөттүү келишим аймактык маселелер чечилмейинче мүмкүн эместигин билдирип, Украинанын аскерлерин Донбасстан чыгаруу негизги талап экенин белгилеген.
Мындан тышкары, ЖМКлар Украина президенттик шайлоо жана Россия менен ыктымал тынчтык келишими боюнча референдум өткөрүүгө камынып жатканын жазышууда. Маалыматка караганда, АКШ эки добуш берүүнү 15-майга чейин өткөрүүнү талап кылган. Эгер бул мөөнөт сакталбаса, Киев Вашингтон сунуштаган коопсуздук кепилдиктеринен ажырап калышы мүмкүн экени айтылууда.