www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-февралда, өз жыйынында Сокулук, Ысык-Ата, Москва жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

• Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңешинин депутаты Темирканов Туратбек Улановичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шамбеталиев Рамис Буланбековичке өткөрүлүп берилди;

• Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты Султанбекова Саламат Султанбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Багаудинова Мадина Гайратовнага өткөрүлүп берилди;

• Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Эржан уулу Бекзаттын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Раимбеков Бекназар Мусаевичке өткөрүлүп берилди;

• Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Данияров Калмырза Данияровичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мирлан уулу Алтынбекке өткөрүлүп берилди;

• Кадамжай районунун Молдо Нияз айылдык кеңешинин депутаты Абдубаннопова Рузигул Абдумалик кызынын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кулмаматова Зулхумор Машраповнага өткөрүлүп берилди;

• Айдаркен шаардык кеңешинин депутаты Хамбаров Руслан Хамдамалиевичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Саттиев Бобур Рустамовичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.

Последние новости