www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат Россиядагы Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу парламенттеги ишенимдүү булактар билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңешке учурдагы депутат элчи катары сунушталып жаткандыгы тууралуу документтер келип түштү.

2020-жылдын октябрь айына чейин аталган кызматты Аликбек Жекшенкулов аркалап келген. Бирок мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып, аны дагы элчиликтен бошоткон.

Белгилей кетсек, Гүлнара-Клара Самат «Ата Мекен» партиясынан депутат болуп турганы менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынын катарында катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости