www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Чүй районунда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
29-январь күнү Чүй РИИБге Кара-Ой айылынын 1960-жылы туулган тургуну С.О. арыз менен кайрылып, чала тааныган адам ага орой мамиле жасап, денесине залал келтиргенин билдирген.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Чүй РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, анын натыйжасында кылмышка шектүү делип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 1980-жылы туулган Э.Т. кармалган.
Учурда шектүү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө амалдары уланууда.
Булак: NazarNews.kg