www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Учурда коронавирустун штаммдары көбөйүп, оорунун өңүтү дагы өзгөрө баштабадыбы. Адам ооруп вируска чалдыгып калганын үй шартында кантип аныктаса болот? Көпчүлүк тест тапшыра албайт, айрымдар күчөтүп жибериши мүмкүн...

- Быйылкы вирустун клиникасы деле былтыркыга окшош болуп атат. Бирок, негизгиси, адамдар паникага алдырган жок. Былтыр паникага алдыруудан адамдардын көбү оор абалга түшүп калышкан. Азыр деле жыт, даам сезбей калуу менен кайрылып аткандар бар. Бирок, аз. Эң көп даттануу – чыйрыгуу, тердөө, алсыроо жана мурундан суу агуу болуп жатат.

Мындан сырткары, ич өтүү жүрүүдө. Айрым учурларда адам гриппке окшоп ооруп, 2-3 күн шалдырап жатып калгандан кийин, денеге кызыл бүдүрлөрдүн чыгуусу да кездешип атат. Бул дагы коронавирустун симптомдору.

- Азыркы кезде ооругандардын көбү эле үйдө дарыланып жатышат. Көпчүлүктүн айтымында, дарыгерлерден “10 күн эшикке чыкпаш керек, андан кийин кайрадан тест тапшыруу керек” деген эле кеңеш берилет экен. Бейтап бул 10 күн ичинде вирус менен кантип күрөшүп, жеңип чыкса болот?

- Дем алуунун жогорку бөлүгүндөгү клеткалар 10 күндө бир алмашып турат. Ошон үчүн адам бул күндөр аралыгында кирген вирусту кетириш үчүн өзүнө-өзү жардам бериши керек. Суу көп ичип, көнүгүүлөрдү жасап, тамакты жөндөө зарыл. Эгер температура 38.5ке чейин болсо парацетамол эле ичип койсо болот. Андан жогору болсо, анальгин, димедрол алып коюу мүмкүн. 10 күндүк чектөө ушуга байланыштуу.

- Вирустун көбөйүп жатканына карабай эл жайбаракат турмушта жашап жаткандай. Вакцина алуу боюнча да артта калдык. Булардын кесепеттери кандай болушу мүмкүн?

- Вакцина бизде адамдын каалоосуна жараша алынат. Анүстүнө азыр COVID-21 келип атат. Ал эми вакциналар болсо COVID-19дуку. Анын таасири кандай болот билбейм. Вакцина алгандар деле кайрадан ооруп калып атат. Демек, организмди керексиз нерсеге батыргандан көрө, жөн гана аны чыңдоо керек да. Вакцина – бул вирустун чала өлгөн түрү. Аны канга киргизип коёт. Организм ошо менен күрөшүп, кийин тирүү вирус киргенде аны таанып, өлтүрүүгө аракет көрөт. Бирок, анын канчалык деңгээлде чыгып кетерин эч ким толук билбейт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости