www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израил Палестинанын айланасындагы соңку окуяларда ашыкча күч көрсөттү, деп билдирди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 6-июлда журналисттерге.
Палестина-израилдик жаңжал аймагына эл аралык контингент жөнөтүү карама-каршылыкты чечүүнүн реалдуу эмес сценарийи, деп кошумчалады ал.
«Израилге аскерий күч жөнөтө алабыз дегенге ишенүү реалдуу эмес деп ойлойм. Мен Израилдин өкмөтү бул мүмкүнчүлүктү кабыл алат деп ойлобойм», — деп жазган РИА Новости анын сөзүн.
БУУнун баш катчысы ошондой эле жаңжалдан жапа чеккен карапайым калкты коргоонун жолун табууга чакырды.
Палестиналыктар эки өлкөнүн ортосундагы келечектеги чек аралар 1967-жылдагы алты күндүк согушка чейин болгон сызыктар боюнча болушун камсыз кылууга аракет кылууда.
Палестина Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Газа тилкесинде өз мамлекетин түзүүнү жана Чыгыш Иерусалимди борбор кылууну каалайт. Израиль 1967-жылдагы чек араларга кайтып келүүдөн жана Иерусалимди бөлүүдөн баш тартып келет.
Булак: NazarNews kg