www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Хакасиянын белгилүү окумуштуусу, тарых илимдеринин доктору, этнограф, түрколог Виктор Бутанаев күн мурун, 4-июнда 77 жаш курагында дүйнө салды. Буга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров көңүл айтып, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
Мамлекет башчысынын билдирүүсүндө мындай деп айтылат:
"Дүйнөлүк тарых илиминде, айрыкча биздин кыргыз тарыхыбыз менен байланыштуу илимде оор жоготуу болду.
Улуу Кыргыз каганаты түзүлгөн Эне-Сай доорун, Тянь-Шань кыргыздары менен Эне-Cай кыргыздарын өзөгү кандай байланышарын изилдеп, тактап берген хакас элинин атактуу түрколог-окумуштуусу Виктор Бутанаевдин дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Түрк элдеринин этнографиясын изилдеген окумуштуу кезинде Кыргыз каганаты өзүнчө бир империяга айланып, чоң аймакты ээлеп тургандыгын, белгилүү бир мезгилдерден кийин ал империя урап, калктын бир бөлүгү Тянь-Шанда калса, бир бөлүгү Эне-Сайга көчкөнүн, мына ошентип Тянь-Шань кыргыздары менен Түштүк Сибирь эли бир тууган эл экенин айныксыз тарыхый фактылар менен таасын далилдеп берген дулдул окумуштуу эле!
Ал айрыкча кыргыз элинин тарых-таржымалынын такталышына эбегейсиз салым кошкон инсан эле. Анын изилдеген илимий эмгектери биздин тарыхыбыз тууралуу ар кандай бүдөмүк пикирлерди четке сүрүп, улуу кыргыз эли учурунда улуу дөөлөт курганын дагы бир жолу тастыктап берген .
Маркум Виктор Бутанаевдин кыргыз таанууга кошкон өлчөөсүз эмгегин баалаган кыргыз бийлиги аны учурунда «Даңк» медалы, III даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Ал эми айрым университеттер ага «ардактуу профессор» наамын ыйгарган.
Кыргызга, кыргыз тарыхына салым кошкон бир тууганыбыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына, бир боор хакас элине жана жалпы эле Россиянын илимий чөйрөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Кош болуңуз, улуу окумуштуу!
Жаткан жериңиз жайлуу болсун!"
Булак: NazarNews.kg