www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү Иран ырчысы Араш NazarNews маалымат агенттигине маек берди.

Казакстандын Алматы шаарында дүйнөлүк ырчылардын катышуусунда музыкалык фестивалда конок болуп кайттык. Ал жерде жылдыздар менен көрүшкөнчө чакан маектерди куруп келдик. 

—Салам, Араш! Орто Азия өлкөлөрүн кыдырып жүргөнүңдөн пайдаланып сени менен Казакстандан жолугуп калдык. Кандайсың?

—Кубанычтамын. Менде баары жакшы. Жеңил учуп келип, азыр концертке камданып жаткан маалыбыз. 

—Жакшы экен. Кандай жаңылыктарың бар? 

—Чыгармачылык менин негизги кесибим болгондуктан, ар дайым иш үстүндөмүн. Музыка менин жан дүйнөм десем жаңылбайм. Акыркы жылдары дүйнөлүк жана Орусиянын артисттери менен коллабдарды көп жасап жатабыз. Угармандарга жагып жатат деген ойдомун. 

—Ырчы кыздар менен көп дуэт аткарып жүрөсүң. Иштешүү оңой эле болобу?

—Ооба, кыздар менен көп дуэт аткардым. Ар биринин өз ордулары бар. Ар бир иште сөзсүз кызыктуу эсте калаарлык окуялар болуп турат. 

—Алар менен сүйүү романдары болгонбу?

— Жок, көпчүлүгү менин досторум болот. Сүйгөн эмесмин. Алар менен жакшы мамиледе болуп келем. Биздин аткарып чыккан чыккан ырлар угармандарга жагып колдоп турушса, биз көбүрөөк ырларды жаздырып турабыз деген ойдобуз. 

—Концертиң башталганы окшойт. Ийгилик каалайбыз!

—Рахмат! Көрүшкөнчө.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости