www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экстремисттик идеологияны жайылтууга шектүүлөр кармалды, деп маалымдады Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.

10-февралда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы «YouTube» платформасынан шектүү аккаунтту аныктаган. Анда тыюу салынган «Йакын-Инкар» уюмунун мүчөлөрү -кыргызстандык жарандар халифат курууну сунуштаган.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен каттоого алынып, Чүй ОИИББдин, Москва РИИБдин жана УКМКнын Чүй обулусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1983-жылы туулган К.Б., 1971-жылы туулган К.Б., 1978-жылы туулган С.К. жана 1983-жылы туулган Р.А. аттуу жарандар кармалган. Тинтүү учурунда алардын жанынан далил материалдар алынып, 12-февралда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө уланууда.

Последние новости