www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Кочкор районунун тургундарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, райондо "положенец" катары "Хан" каймана аты менен белгилүү болгон Чигентаев Алмаз Курманбекович элден кечирим сурады.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай ал коомчулуктун алдында эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен, анын ичинде мурдараак жергиликтүү ишкерден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Н.Шаршеев менен дагы эч кандай байланышы жок экендигин айткан.

"Ал буга чейин кылган туура эмес иш-аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды", - деп билдиришти УКМКдан.

Эгерде криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жабыр тарткан жарандар болсо, УКМК органдарынын жергиликтүү түзүмдөрүнө кайрылыңыздар:

УКМК органдарынын жергиликтүү түзүмдөрүнө кайрылыңыздар:

УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы: 03522 50419; 0700 10-00-05.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости