www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Украинага тынымсыз миллиарддаган доллар берип, анын туруктуу каржы булагына айланды. Мындан улам АКШнын өзүндө да көйгөйлөр жаралууда, деп жазды серепчи Энтони Гонсалес "American Thinker" журналына жазган макаласында.
"Биз Украинанын банкы болуп калдык, Киев акча сураса эле берип, ошол эле учурда өзүбүздүн кыйналып жаткан жарандарыбыздын өтүнүчүнө көңүл бурбай жатабыз", - деп баса белгиледи ал.
Украинага 45 миллиард доллар бөлүү сунушу Гонсалести таң калтырган.
Ал жогорку инфляцияга жана бензиндин баасына, мыйзамсыз иммиграциянын рекорддук деңгээлине, баңги эпидемиясына жана жумушсуздукка карабастан, америкалык саясатчылар өз жарандарын ойлобой жатканын айтып кейиген.
Буга чейин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы менен Сенаты 2023-жылы бөлүнө турган каражаттар боюнча мыйзам долбоорун бекиткен. 1,7 триллион доллар сумманын ичинен дээрлик 45 миллиард доллары Украина жана АКШнын НАТО боюнча өнөктөштөрүнө жардам иретинде берилет.
Бул каражаттын 9 миллиарды украин аскерлерине, 13 миллиарды Украинанын экономикасын колдоо үчүн бөлүнөт. Дагы 12 миллиард Киевге түздөн-түз берилбейт, ал буга чейин АКШ Украинага жөнөткөн курал жана жабдуулардын запасын толуктоого жумшалат.
"Эмне үчүн биз коргонууга мынча чоң акча сарптап жатабыз? Анын үстүнө, Украина жаңы каржылоого татыктуу болуу үчүн эмне кылды?", - деп жазган материалдын автору.
Анын пикиринде, бюджеттин кабыл алынган долбоору инфляциянын дагы көбүрөөк өсүшүнө, америкалыктарды жакырчылыкка алып келет. Гонсалес ошондой эле Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ коргонууга азыраак акча короткондугун белгиледи.
Эске салсак, 21-декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтонго бир күндүк сапары менен барып, АКШнын президенти Жо Байден менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, АКШ Конгрессинде сөз сүйлөгөн.
Булак: Eurasia Today