www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ханзаада Гарри 6-майда Карл IIIтүн таажы кийүү аземине катышат, бирок анын жубайы  Меган Маркл АКШда балдары ханзаада Арчи жана ханбийке Лилибет менен калат, деп билдирет ТАСС.

74 жаштагы Карл IIIтүн таажы кийүү аземине эки миң адам катышат. Ал 6-майда Лондондогу Вестминстер аббаттыгында өтөт.

Иш-чарага чакырууларды Бельгия, Венгрия, Ирландия, Испания, Монако, Франциянын лидерлери, Евробиримдиктин лидерлери жана Шотландиянын жаңы биринчи министри, республикалык көз карашты карманган Хамза Юсуф алды. Ал эми АКШнын президенти Жо Байден буга чейин телефон аркылуу анын өлкөсүнөн биринчи айым Джилл Байден бара турганын айткан. Даниянын ханышасы Маргрете II ден соолугуна байланыштуу аземге катышпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости