www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылдын 13-апрелинде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучулук курамдын, студенттердин катышуусунда «Учурдагы Кыргызстандагы жаштар арасындагы экстремизмге каршы аракеттер» аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чаранын максаты жаштар арасында экстремизмдин жайылышын алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп эсептелет. ө
Тегерек стол И.Арабаев атындагы КМУнун жетекчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңеши жана Ички иштер министрлиги биргеликте уюштурушкан.
Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелерди жаштар менен бирге талкулоону көздөгөн бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Реформаларды иштеп чыгуу, мониторинг жана анализдөө бөлүмүнүн башкы эксперти Замир Турсунбеков, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Манас Аманбаев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясынын Экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов катышты.
Алар Кыргызстандын экстремизмге жана терроризмге каршы жүргүзгөн мамлекеттик саясаты, ченемдик-укуктук актылары, бул багыттарда укук коргоо органдары, анын ичинде Ички иштер министрлиги тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти.
Иш-чаранын аягында студенттер менен келген коноктор арасында суроо-жооптор берилип, кенен маек курулду.
Андан соң, Университеттин ректору Айгүл Абдраева бүгүнкү иш-чарага келип, маалымдоо-агартуучулук иштерин жүргүзгөн катышуучуларга ыраазычылык каттарын тапшырды.
Булак: NazarNews.kg