www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак бийлиги чексиз салык текшерүүлөрү менен укук коргоо уюмдарына кысым көрсөтүүдө. Бул тууралуу Human Rights Watch (HRW) уюмунун билдирүүсүндө жарыяланды.

Ага ылайык, Казакстандагы адам укуктарын коргогон эки өкмөттүк эмес уюм – “Эл аралык укуктук демилге” жана “Либерти” салык текшерүүлөрүнө кабылышкан.

Уюм казак бийлиги укук коргоо топторунун ишине тоскоолдук жараткан жөнсүз салык текшерүүлөрүн токтотуусу керектигин белгилөөдө.

HRW билдирүүсүндө 2016-жылдын август айынан бери Каржы министрлигинин салык комитети “Эл аралык укуктук демилге” жана “Либерти” уюмдарынын терроризмге тиешеси бар-жогун, эл аралык гранттарды кантип пайдаланып жатканын текшерүүгө алган.

Алматыда жайгашкан “Либерти” уюму салык инспекторлору чектен чыгып, уюмда иштеген кишилер тууралуу маалымат топтоп, жүргүзүлгөн иликтөөлөр тууралуу суроолорду беришкенин кабарлаган. Текшерүүдөн кийин эки уюмга 4000 жана 9000 доллар тегерегинде айыппул салышкан.

“Эл аралык укуктук демилге” маалымдагандай, бийлик жаздагы жер реформасына каршы чыккан укук коргоочуларга салык текшерүүлөрү менен жооп кайтарууда.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости