www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Якутияда резонанс жараткан зордуктоо боюнча сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу “Московский Комсомолец” жазып чыкты.
Андагы маалыматка караганда, соттун чечими менен негизги айыпталуучу 14 жылга, дагы экөө 3 жана 4 жылга эркинен ажыратылган.
Эске салсак, 2019-жылдын 17-март түнү 23 жаштагы эркек аялды күчтөп автоунаага салып, гараж комплекстеринин биринде зордуктаганы айтылган. Андан кийин ал аялды унаа оңдогон жайга алып келип, эки досунун жанына таштап кеткен. Келин качып кетүүгө үлгүргөнү айтылат. Шектүү киши камакка алынып, анын эки таанышы да кармалган. Булардын баары кыргыз жарандары болгон. Бул окуядан кийин жалпы Якутияда мигранттарга каршы миңдеген кишилер катышкан акциялар башталган. Анын айынан көптөгөн кыргыз жарандары убактылуу ишин токтотуп турууга мажбур болушкан. Булак: "NazarNews.kg"