www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Якутск шаарындагы №1 түрмөсүндө камактагы жети киши абактагы шарттарга нааразылык билдирип, ооздорун тигип алды. Бул тууралуу 7-декабрда аймактагы Коомдук байкоочу комиссиянын төрайымы Марина Семенова билдирди.
Анын айтымында, абактагылардын ачкачылык кармай башташына жабык жайдагы начар шарттар жана жылуу кийимдеринин жоктугу себеп болгон. Ушул тапта Якутск шаарында 34 градус суук. Камактагылар ошондой эле түрмө кызматкерлеринин ур-токмогу тууралуу арызданышкан.
Семенова камактагылардын ачкачылык кармап жаткан тууралуу маалымат Якутиянын прокуратурасына жана башка тиешелүү органдардын баарына жиберилгенин кабарлады.
Орус абак жайларында жаткандар буга чейин да бир нече жолу кармоо шарттарынын начарлыгына, кызматкерлер тарабынан жасалган кыйноого байланыштуу арызданып келишкен. Быйыл жайында «Новая газета» Жаза өтөө федералдык кызматынын ондон ашуун кызматкери Ярослав абагында жатка Евгений Макаровду аёосуз сабап жатканы тартылган видео тасманы жарыялаган. Мыйзамсыз иш коомдук резонанс жаратып, колониянын 12 кызматкери кармалган.
Булак: NazarNews.kg