www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын январынан тарта тамекиге болгон акциз салыгынын жаңы наркы белгиленди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
Жыл сайын акциз салыгынын наркы жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында акциздин наркын айкалыштыруу максатында салык жогорулатылат.
Чыпкалуу жана чыпкасыз тамекинин, ошондой эле папиростун 1000 даанасына акциз салыгы 1750 сомдон 2000 сомго чейин жогорулады, 2022-жылдын 1-январынан тарта бул сумма 250 сомго жогорулайт.
1000 даана сигариллага акциз салыгынын суммасы 2020-жылы 1220 сом болсо, быйыл 1400 сом болду. 2022-жылы 1610 сомдү түзөт. 1 даана сигарага акциздин суммасы өткөн жылга салыштырмалуу 25 сомго жогорулап, 175 сомду түздү, 2022-жылы дагы 25 сомго жогорулайт.
1 килограмм тамекиге жана ысытылуучу тамеки буюмдарына салыктын суммасы 2020-жылга салыштырмалуу 90 сомго жогорулап, быйыл 700 сомду түздү, ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып 800 сомду түзөт.
Электрондук сигареттер үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктукка акциз салыгы 1 сомдон 1,25 сомго чейин жогорулады, 2022-жылдын 1-январынан тартып 1,5 сомду түзөт.
Булак: NazarNews.kg