www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өтүкчүнүн өтүкчү болгону, тигүүчүнүн тигүүчү болгону эле оң”, бизде тигүүчүлөр транспорт, жол министри боло берет. Коррупция бул министрликте барбы? Мурунку министри 500 миң доллар менен булганып кетүүгө аргасыз болгон. Коррупцияны оңдойм деп келген Жанат Бейшеновдун орун басары УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүнүн кызматкерине 10 миң доллар берип жатканда колго түшкөн. Жанат Бейшенов сүйөмөлөгөн агенттиктин жетекчиси Анарбек Бекмуратов темир тордун аркасында буркурап ыйлап отурат.

Карантин элди кыйнады, бирок Жанат Бейшенов сыяктуу жетекчилерге “дасторконду” кенен ачып берген. Ушул элдин ырыскысын сугунушкандар “дасторкондон” каалашынча ичип -жеген ушул министрликтин 12 кызматкери кетчү “сыз жерге” кетишип, билмексен болгон Жанат Бейшенов калп каткырып кала берди. Бул жерде да Жанат Бейшенов кош колдоп колдогон “Сосновка- Кара-Көл” туннелиндеги бекеттин жетекчиси бар экени белгилүү.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Канатбек Абдыкеримов мыйзамсыз иштерге канатын кенен жайгандыгы боюнча көпчүлүк ызы-чуу, Жанат Бейшенов мындай маалыматтарга “быш” этип койбой кете берген.

Ош-Бишкек жолуна альтернатива катары курулуп жаткан Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Бул долбоор 2014-жылы башталган. Жолдун ар бир чакырымына орточо эсеп менен 1 миллион 617 миң доллар жумшалууда. Бул ири долбоордун болжолдуу наркы 850 миллион долларга бааланганы айтылган эле. Ири курулушту кытайлык China Road and Bridge компаниясы ишке ашырууда. Түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун башкы өзгөчөлүктөрү катары анда салынып жаткан эстакадалык көпүрөлөрдү жана тоннелди айтууга болот. 29,5 миллион долларга эки эстакадалык көпүрө курулуп жатат. Булар 2019-жылы толугу менен курулуп бүтөт. Бул жолдо ошондой эле өлкөдөгү эң узун тоннель курулууда. Көк-Арт ашуусундагы бул тоннелдин узундугу- 3890 метр.

Кыргызстандын сырткы карызынын көбү жол тармагына жумшалары талашсыз. Акча көп болгондуктанбы же башка себеби барбы, анысын биле албадык. Мисалы аудиттин эсептегенине караганда Бишкек—Кара-Балта жолунда иштеген гараж башчысынын айлыгы 800 миң сом же 11 миң 500 доллар, заправщиктин айлыгы 400 миң сом же 5700 доллар экен. Булардын көзөмөлүндө 10 эле машина бар. Эгер 3000 сом айлык алган биздин техкызматкерлердин айлыгын санасак бир кытайдын алганын ОТУЗ-КЫРКка чукул жылда алат. Биздин кызматкерлер 30-40 жылда ыйлап-сыктап алганы кытайлык завгардын бир эле айлыгы экен. Ушул министрден эмнени үмтөтсө болот? Кытайга 850 миллион доллар карызга батырган жол элдин жакасын агартабы же тигүүчү министрдинби? «Бөдөнө сойсо да касапчы сойсун».

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости