www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Талант Мамытов кайрылуу жасады.

"Кыргыз эли анын ичинде Жогорку Кенештин депутаттары өлкөнүн тарыхын чечип, мамлекетибиздин туруктулугун сактап калууга аракет кылдык. Кыргыз эли Садыр Жапаровго ишеним көрсөтүп, президент кылып шайлады. Элибиз президенттик башкарууну тандашты. Кыргыз эли эркиндикти туу тутат. Жогорку Кеңеш шайлоочулардын алдында жоопкерчиликтүү иш аткара алдык, убагы келгенде тарых баа берет. Октябрь окуясында жалгыз Жогорку Кеңеш легитимдүү бийлик катары жоопкерчиликти мойнуна алды. Бардык жерде мыйзамдарды орното алган чараларды көрдү. Мага чоң ишеним көрсөтүп Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайладыңыздар. Президенттин милдетин аткаруу жоопкерчилигин алдым. Шайлоону таза ачык өткөрүү өткөргөнгө бардык аракетимди көрдүм. Бардык жүктү көтөрө алдык. Эл аралык мамилелер боюнча эки тараптуу келишимдердин аткарылышын камсыз кылдык. Жаңы шайланган президентке ийгиликтерди, элибизге ак жолтой президент болушун каалайм. Элибизде зарыл болгон мыйзамдарды өз убагында аткарууга жетиштик", - деди Мамытов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости