www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малайзияда турмушка чыгып жаткан кыз салтанат учурунда болочок күйөөсүнөн тойго келген мурдагы жигитин кучактап алууга уруксат сураган. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.

@mayangkumay

Balas @nikennalee well netizen yg terhormat semua bebas berpendapat dipersilahkan 😅 ##fyp

♬ original sound - Mayangkumay

Кыздын бул кадамы социалдык тармактын колдонуучулары арасында катуу талкууну жараткан. Ролик TikTok тармагындагы @mayangkumay аккаунтунда пайда болгон.

The Daily Mail басылмасы бул окуянын Малайзияда болгондугун жазды. Кадрдан тойдун алдында апакай кийинген колуктунун коноктордун куттуктоосун кабыл алып жаткан учуру тартылган.

Чакырылган меймандардын бири колуктунун мурдагы жигити болуп чыккан. Ал эки жаштын алдына келип, колун сунганда кыз жигитинен аны акыркы ирет кучактап алууну суранган.

Аккаунтка катталгандар кыздын "акыркы ирет кучактап алсам болобу?" деп сураганын жазышты деп билдирген басылма.

Үйлөнүп жаткан күйөө бала макулдугун бергенде, колукту мурдагы сүйгөнүн кучактаган. Конок жигит андан соң күйөө баланы кучактап, куттуктаган.

Интернетти мындай картина таңдантып, ал эми анын алдына жазгандардын көбү эки жээкке бөлүнгөн.

Бири күйөө баланы, экинчилери жигитти жактап чыгышкан.

Бул роликти баш-аягы 6 миллионго жакын адам көрүп, 19 миңге чукул киши пикирлерин калтырган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости