www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы шайланган Президентке тоскоол болбош керек да- эл шайлады. Бул тууралуу жаш саясатчы Темирлан Султанбеков социалдык баракчалар аркылуу билдирди. 

--"Жаңы шайланган Президентке тоскоол болбош керек да- эл шайлады! Токтотсун мындай элди дүрбүткөндү. Эртең таң калбайм, бүгүн өкмөттөн ыргылгандар Садыр Жапаровду жамандаса- негизи көбү программаларын сатып, Садыр Жапаровдун өкмөтүнө барышты эле, анан кайра эки жээкте тең бирдей жыргагысы келгендер көп экен. Биз башынан эркекче парламенттин азыркы курамына каршы болдук, президенттик системага каршылыгыбызды айттык, люстрацияны талап кылдык, өкмөткө ушул парламент кезинде баруудан баш тарттык - Садыр Жапаров бизди биздин позициябыз үчүн куугундуктаган жок, мен ойлойм, биз саясий маданияттын бийиктигин көрсөтүп келе жатабыз, эми жардам бергенге аракет кылалы эл үчүн, мамлекет үчүн!", - деп жазган ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости