www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого бюджеттен 500 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш референдум боюнча мыйзамды кабыл алгандан кийин референдум күнү белгилүү болот. Андан тышкары президент жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнүн жарыялайт

«Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт. Аны аймактык шайлоо комиссиялары өткөрөт. Эки добуш берүү компаниясына алдын-ала эсептөөлөр боюнча 500 миллион сом жумшалат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 10-январда өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча добуш берүү өтүп, анда президенттик башкаруу аныкталды. Конституциянын жаңы долбоору ага ылайык жазылып даярдалды. Парламентке референдум боюнча мыйзам долбоор киргизилди. Ага ылайык депутаттар кабыл алып, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алууга добуш берүү күнүн жарыялайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости