www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот: Бүгүн Сооронбай Жээнбеков сотко суракка келиши керек

Бүгүн, 3-февралда экс-президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча суракка чакырылган.

Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлагандай, Зилалиевдин жактоочусу кошумча күбө катары Жээнбековду чакырууну өтүнүп, сот аны канааттандырган.

Бүгүнкү отурум Бишкек шаардык сотунда саат 13.00гө белгиленген.

Маалыматка караганда, Сооронбай Жээнбеков «Оптима Банктын» сейфинен 1 миллион доллардын табылышы боюнча суралат.

«Зилалиев кармалганда «Оптима Банктын» кутучасынан 1 миллион доллар табылганы жөнүндө интернетте видео тарап кеткен. Зилалиев 2017-жылдын 8-декабрында кармалган. Тергөө учурунда Зилалиев УКМКга көрсөтмө берип, банктын уячасынан табылган акча Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө жумшалганын айткан. Ал ага жеке өзү акча берген, муну Сапар Исаков да тастыктай алат», — деди жактоочу Таалайгүл Токтакунова.

Дүйшөнбек Зилалиев «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 9 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости