www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япон өлкөсүндө коронавирус кантип бат жайылып жаткандыгына эксперимент жүргүзүштү. Бул тууралуу centralasia.media жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, экспериментке 10 адам катышкан. Эксперименттин жүрүшүндө катышуучулардын бири “илдет жуктурган” адамдын ролунда колуна атайын флуоресцент боегун сүртүп алып 30 мүнөт ресторандын ичинде болуп туруусун жана улам-улам алаканы менен оозун жаап, жөтөлүп жаткандай түр көрсөтүүсүн суранышкан. 

Боек эксперименттин катышуучуларынын баарынын колуна, ал эми үчөөнүн беттерине дагы сүйкөлгөн. 

Экспериментти уюштургандар катышуучулардын жардамы менен өздөрүнө тамак салынган приборлорду ресторандын персоналына бат-баттан алмаштырып турууну сунушташкан, ошондой эле катышуучулардан колдорун тез-тезден дезинфекциялап турууларын суранышкан, алакандарындагы боек болгон жерлер 30 ирет азайып, ал эми беттеги боектор таптакыр калган эмес.   

Булак: NazarNews.org

Последние новости