www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент депутаты Гүлшат Асылбаева «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун  демилгелеп, иштеп чыгып, 13-майда Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга койдурган. 

Долбоорго ылайык, Интернет колдонуучулардан баштап, сайттардын кожоюндары, Интернет провайдерлеринин укук-милдеттери жазылган. Ошондой эле долбоордо мыйзам бузулган учурда Интернет сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары айтылган.
“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун максаты Интернеттеги жалган маалыматтардан коргонууну камсыз кылуу, маалымат жайылтууда Интернет провайдерлери менен колдонуучуларынын укуктары менен милдети жана буларды жөнгө салуучу органдын функцияларын аныктоо экени айтылат.

Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө “Интернетти колдонууга байланышкан терс учурлар да жок эмес. Алар кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде купуя маалыматтан тартып саясатка чейин, коомдук тартип менен мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чейинки чөйрөнү камтыйт”, — деп жазылган. Эл өкүлү сунуштап жаткан Интернет жөнүндө жаңы мыйзам долбоору тогуз беренеден турат. 

Бул мыйзам долбооруна социалдык тармактын колдонуучуларынын сын-пикирлерине себеп болуп, талкуу жаратты. Колдонуучулар бул мыйзам долбоор аркылуу сөз эркиндигине, адам укугуна кысым экендигине токтолушуп, аталган долбоорго каршы экендиктерин билдиришүүдө. Алардын бири Урмат Джаныбаев аттуу колдонуучу төмөнкүдөй пикирин жазып, анын билдирүүсүнө 731 киши жакты белгисин коюп, 681 адам бөлүшкөн.

 Булак: NazarNews.org

Последние новости