www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Машыгууга Акита префектурасындагы Ога шаарынын жүзгө жакын тургуну тартылып, алардын баары жергиликтүү мектептин жана шаардык спорт комплексинин имаратына эвакуацияланды.

Японияда биринчи жолу эгерде Түндүк Корея ракеталык сокку урса, жайкын тургундарды кандай эвакуациялаш керек деген жарандык машыгуу өттү.

Машыгууга Акита префектурасындагы Ога шаарынын жүзгө жакын тургуну тартылып, алардын баары жергиликтүү мектептин жана шаардык спорт комплексинин имаратына эвакуацияланды.

Болжолдуу ракеталык сокку тууралуу маалыматты машыгууга катышкандар өздөрүнүн мобилдик телефондору аркылуу алышты. Машыгуудагы коогалаңдуу белги J-alert системасы аркылуу берилген.

6-мартта Түндүк Корея баллистикалык төрт ракетасын Япон деңизин көздөй коео берген. Япон расмийлери деңизге түшкөнгө чейин, коео берилген ракеталардын үчөөсү болжолу миң чакырымдай аралыктан учуп келгенин маалымдаган.

Түндүк Корея бир эле учурда төрт баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөнүн Япониядагы америкалык базаларгы сокку уруу машыгуусу катары түшүндүргөн.

КЭДР соңку жолу 12-февралда ракеталарын сыноодон өткөргөн. Ага өлкө лидери Ким Чен Ын өзү байкоо алып олтурганы кабарланган эле. Сыноо ийгиликтүү болду деген Түндүк Корея.

Ким Чен Ын 1-январдагы теле кайрылуусунда, Пхеньян континент аралык баллистикалык ракета жасоонун соңку баскычына келип калды деп айткан. Ракеталар Американын жээктерине чейин жете турган алыстыкты багындыра аларын белгилеген. Өз сөзүндө өлкө лидери, "КЭДРди Чыгыштагы аскердик өлкө" деп атап, аны жеңүүгө эң күчтүү душмандын да кудурети жетпейт деген.

Булак: "bbc.com"

Последние новости