www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Япониядагы күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 100дөн ашты. Миллионго жакын үй электр жарыгысывз калды. Бул тууралуу Киодо маалымдады.
Сейсмологдордун айтымында, жер титирөөнүн күчү 7,3 баллга жеткен. Жер титирөөнүн эпицентри Тынч океанында 55 чакырым тереңдикте болгон. Жер титирөө Фукусима жана Мияги префектураларында башталып, ошондой эле Токиодо күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Өкмөт Канто жана Тохоку аймактарындагы 1 миллиондой үй жарыксыз калганын билдирди. Өзгөчө кырдаалдар топтору эртең мененке чейин көйгөйдү чече алышты. Фукусимада дагы бир нече жүздөй имарат электр жарыгысыз калды.
Япониянын премьер-министри Ёшихид Суга сейсмологдор бир нече жолу жер титирөө болушу мүмкүн деп эскертип, тургундарды үйдө калууну суранды. Бирок, Япониянын Улуттук метеорологиялык агенттиги учурдагы жер титирөө Фукусима-1 атомдук станциясындагы 2011-жылдагы авариянын кесепети болушу мүмкүн деп болжолдоодо.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg