www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапонияда ишемби күнкү жер титирөөдөн кеминде 124 адам жабыркап, түрдүү жараат алды. Бул тууралуу 14-февралда өлкөнүн коомдук телеканалы кабарлады.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү 7,3 баллга жетти. Жабыркагандардын көбү – Мияги жана Фукусима префектураларынын тургундары.
14-февралга караган түнү Тынч океанда, Фукусима префектурасынан түндүк-чыгыш тарапта болгон жер титирөө кеминде он префектурада сезилди.
2011-жылдын жазында Жапониянын түндүк-чыгыш жээгинде тогуз баллга жеткен жер титирөөдөн кийин пайда болгон топон суу 15 миң адамдын өмүрүн алып кеткен жана "Фукусима-1" атомдук станциясын жарактан чыгарган.
Булак: NazarNews.kg