www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Түкүрүк" боюнча кезектеги Ибадат Шакиеванын пикирин окурмандарга сунуштайбыз. 

"Урматтуу окурмандар! Балким менин ойлорум кээ бирөөңүздөргө жакпастыр, ошондуктан алдын ала кечирим сурайм! Азыр ,,түкүрүү" деген сөздүн тегерегинде ар түрдүү пикирлер айтылууда. Ар бир адам өз оюн билдирүүгө акылуу жана ал ойлор баалуу. Ошентсе да мен ,,түкүрүү" эмес, жалпы эле ,,түкүрүнүү" жөнүндө бир аз оюмду билдирүүнү туура көрдүм.

Баардык адамдар түкүрүнөт, ансыз мүмкүн эмес. Бирок, кантип, каерде, каякка түкүрүнсө болот? Түкүрүнүү - эң оболу гигиена. Ал ден-соолукка да байланыштуу. Ал чоң адеп-ахлактын да белгиси. Мейли, сиз менин оюма макул эмессиз, бирок, эгер алдыңызда же жаныңызда бараткан адам ,,шалп" эткизип түкүрүнсө жийиркенүү менен жаман пикир пайда болуп ал тургай сизди көзгө илбегени, сыйлабаганы үчүн жек көрө түшөсүз. Татынакай эле бирөөнүн бышкырынып, түкүрүнүп баратышын алыстан байкап калуу деле жагымсыз.

Азыр көчөдө, жолдо баратып алдыңды карай албайсың. Ак кардын бетинде тоңуп жаткан какырык менен түкүрүктүн түрлөрү көңүлдү чөгөрөт. Ооба, түкүрүнүү керек, башкаларга зыяны тийбесин. Жолдон четке, далдоо тарапка бурулуп койсо болот да, анан да ал оорулуу адамдыкы болсочу? Сиз, сиздин бала-чакаңыз, соо адамдар...басчу жолдор го. Кыскасы, азыркы талап баарыбыз үчүн пайдадан башка зыяны жок экенин туура кабыл алалы дегим келди. Ал эми куттуу мамлекетин, өз мекенин, Ата Журтун сыйлабагандар, жок дегенде өзүн сыйлай билгени дурус", - деп өзүнүн оюн Ибадат Шакиева билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости