www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызматтан көтөрүлүү, бизнестеги бийиктиктер, түгөйүңүз менен бактылуу болуу, ден соолугуңуздун чың болушун шарттаган фэншуйда да, астрологияда да бир нече багыттар бар. Парапсихологдордун көрсөтмөлөрүнө таянсак, ийгиликке жетүүдө ишеним, токтоолук, убакыт талап кылынат. Эң башкысы, ошол теманын предметин туура тандай билүү зарыл. Адегенде кайсы сферада жакшы жакка өзгөрүу болушун каалап жатасыз — ошону тактап алыңыз. Эми аракеттенсеңиз, натыйжасы болбой койбойт.
Финансы
Финансы жаатындагы өсүштөрдү күтүп жатсаңыз, кайда болбосун акча атрибуттарын колдонуңуз. Иш бөлмөңүздө эң чоң суммадагы акча купюру көрүнүктүү жерде илинип турсун. Ушул акча портмонеде, капчыгыңызда да болсо ашыкча эмес. Эгер шартыңыз болсо (аз суммада болсо деле) бардык бөлмөлөргө кирип чыкканда көрүнүп тургандай жерге акча коюп коюңуз. Доллардын, кыргыз сомунун символдору, алтын куймасы тартылган сүрөттөрдү, акча санап жаткан адамдын портретин дубалга илип койсоңуз да акча чакырат.
Эгер болсо бриллиант же алтын зер буюмда-рыңызды тагынып алсаңыз да байлыктын жакындашын туюнтат. Колу туткактардан сак болуңуз!
Карьера
Эгер сиз кызмат ордуңуздан бир тепкичке көтөрүлүүнү кааласаңыз, жумушчу столуңузда ар дайыма кымбат күндөлүк, перо ручкасы менен болсун. Китеп текчеңиздин биринчи катарында бизнесте сиздин адистигиңизге ылайыкташтырылган, ошондой эле атактуу, акчалуу адамдардын өмүр баяны жазылган адабияттар болушу кажет. Дубалдын бетине идеал туткан, ошого окшош болууну кыялданган адамдын, сиз жактырган мамлекет башчыларынын, чиновниктердин портретин илип койсоңуз да болот. Жолугушуулар. мямлекетгик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр чагылдырылган сүрөтгөр да мааниге ээ. Дагы бир артыкчылыкка көңүл буруңуз, ырчы болууну самасаңыз - белгилүү ырчынын сахнадагы сүрөтүн, художник - кайсы бир автордун эң баалуу полотносун, жазуучу - барак менен ручка тартылган картинаны маңдайыңызга кадап коюңуз. Эң башкысы, сиздин чөйрөңүздүн темасы туура көрсөтүлгөн болсун.
Ден соолук
Оорубайын десеңиз, аптечканы, медикаменттерди, медициналык адабияттарды көздөн далдоо жерге катыңыз. Гантел, гимнастикалык көнүгүүгө керектүү буюмдарды ачык коюңуз, анткени спорт сергек жашоо образы эмеспи.
Чын дилден каткырып күлүп жаткан же топ ойногон, бассейнде, көлдө сүзүп жүргөн адамдардын сүрөтүн сиз көп жашаган бөлмөнүн дубалына илип койсоңуз да оору-сыркоо жолобойт.
Автор: Д.Белекова
Булак: NazarNews.kg