www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-январда “Ала-Тоо” аянтында митинг кылып жаткан жарандар Бишкек шаардык мэриясына берген уруксаат каты боюнча күндүзгү саат 10.00дон саат 13.00 чейинки убакытта митинг өткөрүп андан соң өздөрү тарап кетүү боюнча милдеттенмени алышкан.

Митингде өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары С.Токтоболотов жана Биринчи райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Султанов чогулгандарга чыгып сүйлөп бүгүнкү көтөрүлүп жаткан маселелер боюнча  ачык жана так түшүндүрмөлөрдү беришти. 

Саат 13.00 митингге чогулгандарга тынч митингдерди өткөрүүгө берилген убакыт бүткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын башчысынын орун басары Э.Атантаев микрофон аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, убакыт саат бүткөндүгүнө байланыштуу тынч тарап кетүүсүн өтүнүп, мындан ары митингди өткөрүү мыйзамсыз боло тургандыгын эскертти, кошумча убакыт да берилди, бирок чогулгандар тарап кеткен жок.

Ошол мезгилде жарандык активист митингди уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов "митинг аяктады, тарагыла. Биздин өтүнүчтөр бийлик өкүлдөрүнө жеткирүүгө атайын топ кетти, жообу жакын арада берилет, - деди.

Бирок чогулгандар тараган жок. Саат 15.00 митинг учурунда катышуучулардын арасынан түзүлгөн атайын топ келип биздин талаптар Жогорку Кеңештин вице-спикерине берилди, жакын арада жооп берилет деген топтун сөзүн ошол жерде чогулгандар уккусу келбей, провакация чыгарууга аракет жасашып, айрымдары автоунаа өтүүчү жолго чыгышып, жолдон өтүп бара жаткан автоунаалардын журүшүнө тоскоол жаратып, алардын ичинен кыйкырышып, сөгүнүп коомдук тартипти бузгандыктарына байланыштуу 15.30 убактысында Бишкек шаардык ИИББнын кызматкерлери тарабынан жыйырма бир митинге катышкан жаран Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, коомдук тартипти бузгандыктары боюнча материалдар толтурулуп, мыйзам чегинде чара көрүү иш чаралары жүргүзүлүүдө. Калган митингге келгендер “Ала Тоо” аянтынан үй жайларына тарап кетишти, - деп билдирди ИИМдин Басма cөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости