www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 5-март күнү Аламүдүн РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан Аламүдүн айылынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын аймагында өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Абылкасымов Шокан кармалды.

Кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Топтолгон материалдар эл аралык Конвенцияга ылайык экстрадициялоо маселелерин чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости