www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Табылды мырза, КСДПда ажырашуу күч алды. Ал партиянын мүчөлөрү Атамбаев менен калса утабы же ага каршы тарапка өтсө ийгиликке жетишеби?

-КСДПнын ар бир мүчөсү партияны Атамбаев менен эле байланшытырбай өзү жана коом үчүн туура чечим кабыл алуулары керек. Атамбаев КСДПны парламенттик шайлоого чейин жетектеп барат. Ал эми анын тизмеси жаш, коррупцияга малынбаган жаңы жүздөрдөн болот деген сөзгө ишенүү кыйын. Себеби, Атамбаев жана анын командасы өлкөдөгү негизги коррупционерлер катары каралып жатат. Бул абалда Атамбаевдин тегерегине жаңы жүздөрдү тартуу өтө эле опурталдуу. Жаңы саясатчылар өз оброюн командасы коррупционер аталган Атамбаев менен бириге калып, булгап алгылары келбейт.

Атамбаев аларды партиянын тизмесине бекер киргизем десе да, макул болушу кыйын болот. Алар саясатка таза жана жаңы жүз катары киргилери келишет. Ошондуктан, алар башка эле саясий партиялардын тизмесине киргенди туура көрүшөт. Атамбаев жетектеген КСДП партиясына жада калса эски карт бөөрүлөр да киргенден коркот. Себеби, Атамбаев учурунда бир топ депутаттарга кылмыш ишин ачып, эл өкүлдөрүнүн жүрөгүнүн үшүн  алып койгон. Эски карт бөрүлөрдүн баары илгери Акаев, Бакиевдердин доорунда прихватизация же болбосо эл байлыгын талап –тоноо менен байыган.

Демек, булар да Атамбаев жетектеген КСДПнын тизмесине кирбейт. Себеби, түшүнүктүү. Атамбаев КСДПны жеке өзүнүн кызыкчылыгында иштетип араздашууга, конфликтке алып бараткандыгы айдан ачык болуп турат. Ошондуктан, бүгүн КСДП партиясынын ар бир мүчөсү терең ойлонуп бир чечимге келиштери керек. Алардын алдында эки жол турат. Биринчиси эгер алар Атамбаевди тандаса, анда аны ээрчип КСДП партиясын конфликттерге туушуктуруп, саясий аренадан анын жок болуп кетишине себепкер болушат.

Экинчиси, эгер алар жаңы лидерди тандаса, аны менен Президент С. Жээнбековдун өлкөдө болуп жаткан демилгелерин колдоп, өзүнүн коомдогу саясий таасирин күчөтүп, кезектеги парламенттик шайлоолордо ийгиликке жетишип, кайрадан парламенттик партия аталып саясий аренада дагы 6 жыл бийликте калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. КСДПнын мүчөлөрү үчүн үчүнчү жол жок. Бул өңүттөн алганда, менимче, бугун КСДПнын ар бир мүчөсү өзү жана коом үчүн туура чечим кабыл алып, КСДП партиясын жалаң эле Атамбаев менен байланыштырбай, анын жүзүн, аброюн, коомдогу таасирин сактап калууну камсыз кылууну ойлонуштары керек. Ошондой негизде араткеттеништери абзел. Алардын мындай чечими жана аракеттери коом учун да, өлкө үчүн да маанилүү болуп эсептелинет.

-КСДПдагы ажырашуулардан ким утат?

-КСДП ажырашып экиге бөлүнүп кетсе, Атамбаев утулат. Себеби, бул анын лидер эмес экендигин көрсөтөт. Бул нерсе Атамбаев мезгилдин талабын түшүнө албай койгондугунун анык далили болуп кабылданат. Анткени Атамбаев менен бир ууч эле жакындары калат. Ал эми көпчүлүк КСДПчылар саясий партиянын очогун сактап калат жана андан ары өнүгүү жолу менен алдыга жылып кете берет.

Буга Иса Өмүркуловдун кечээги билдирүүсү далил. Саясий кеңештин көпчүлүк мүчөсүнүн чечими менен партиянын кийинки съезди 3- апрелге белгиленгени белгилүү болду. Мунун өзү саясий кеңештин көпчүлүк бөлүгү Атамбаевди колдобоорун далилдеп турат. КСДПнын бул саясий крисизтен тезирээк чыгышын эл күтүп жатат. Ошондуктан, саясий кеңеш чечкинлдүү чечимдерди кабыл алып, шайлоо алдында элдин алдында партиянын жүзүн сактап калышы керек.

-Атамбаев баштагы багытынан тайып, эпке келип, ыкка көнүп калгандай түр көрсөтө баштады. Анын бул аракети партияны сактап калуу үчүн жасалып жатабы же башка көздөгөн нерсеси барбы?

-Атамбаев азыр алдастап турган чагы. Карбаластап. Ал ар кандай жолго салып, мен өтө тил алчаак жакшы бала болуп калдым дегендей түр көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Анын эң башкы көзүрү тил эмизип, алдыдагы апрламенттик шайлоолорго жетүү. Парламенттик шайлоолорго жетип алгандан кийин, оюн таптаза башка нукка бурулуп  кетиши мүмкүн. Ал аны өтө жакшы билип турат.

Мисалы, ал шайлоолор алдында саясатчылардын алдыңкы партияларга батпай калган бөлүгү мага келет деп үмүттөнүп жатат. Ошол саясатчылардын баарын КСДПнын тизмесине киргизип алып, бийликке тап берем деп жатат. Башкача айтканда,  соодалашуу жолу менен болсо да парламентке кирип кеткиси келип жатат. Бул биринчи кезекте камалып кетпөөнүн айласы. Экинчиси, ал парламенттик трибуна колдонуп, бүгүн камакта жаткан командасынын мүчөлөрүн колдоп, эркиндикке чыгууларына кам көргүдөй аракеттерди жасап, тигилерди таштабагандай түр көрсөткүсү келип жатат.

Себеби, тигилер сотто чындыкты айтып, анын күнөөсүн жана айыбын ачып койбосун деп жатат. Үчүнчүдөн, парламенттик шайлоолорго утулуп калса, анын жыйынтыктарын тааныбай чатак салып, бардык нааразы татарптарды өзүнүн тегерегине бириктирип, чоң күчкө айлангысы келип жатат. Албетте, анын бул ойлорунун ишке ашышы кыйын. Анткени, бүгүн Кыргызстанда көпчүлүк саясатчылар Атамбаевдин доорунун бүтүп калганын түшүнүп калышты.

Булак: "Майдан.кж"

Последние новости