www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукта милиция мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап келүүнү пландап жатканы тууралуу маалымат тарады. Аталган маалыматты тактоо иретинде ИИМдин маалымат катчылыгы маалымат булактарга  бул тууралуу толук маалымат жок экенин билдирген. Анда,

“Кечээ мурдагы президентти суракка чакыруу каты берилген. Ал катта Атамбаев 19-июль саат 10:00 го суракка келиши керектиги жазылган. Ал эми күч менен кармап келүү боюнча андай маалымат жок , - деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова.

Алмазбек Атамбаев бүгүнкү чакырууга чейин эки жолу — 9-июлга жана 11-июлга суракка чакырылган болчу. Биринчи чакыруудан кийин Атамбаев комментарий берип, суракка барбай турганын айткан.

«Мен эмне үчүн ИИМге барышым керек? Жада калса бул кагазды колума да албайм, анткени бийлик укук талаасына кириши керек», - деген Алмазбек Атамбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости