www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11-мартында Тбилиси шаарында Кыргыз Республикасынын Грузиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Максат Мамытканов Рустави шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Грузияда болуу тартиби жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берди.
Иш сапардын алкагында ошондой эле Элчи Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүгүү министрлигине караштуу Жер үстүндөгү транспорт агенттигинин директору Бакур Микадзе менен жолугушуп, анын жүрүшүндө эл аралык жүк ташуулар боюнча маселелер талкууланды.