www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстан ИИМинде учурда аттестация өтүүдө. "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, талаптардын бири кызматкерлердин салмагына байланыштуу. Полиция кызматкерлери билдиргендей, укук коргоочулардын салмагы 100 килограммдан ашпоосу керек. "Оозеки көрсөтмөгө караганда, 25-декабрга чейин арыктай албагандар, чинине карабай кызматтан кетүү боюнча арыз жазууга аргасыз болору тууралуу бардык полиция бөлүмдөрүнө эскертүү берилген", - деди "Азаттыктын" кабарчысы.

Учурда жергиликтүү полиция кызматкерлери дене тарбия машыгуулары менен алектенишүүдө. Бизге да ушундай аттестация керек. Биздикилерди арыктатып гана тим болбостон, ыкчам чара көрүү, бычака же башка куралга каршы туруу сыяктуу көнүгүүлөрдү үйрөтүш керек. Болбосо кечээ жакында эле көрбөдүкпү. Чакалайдын чак түшүндө ыркыйган, бычак көтөргөн бир адамды кармаша албай уят болушту.

Булак: "Факты.kg"

 

Последние новости