www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оң рулдуу унааларды мыйзамсыз каттаган деген шек менен Мамлекттик каттоо кызматынын “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, МККнын “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жеке адамдарга жана кызматкерлерге карата паракорлук схемасынын уюму фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иши жүргүзүлөт.

23-ноябрда Кыргызстанга паракорлук схемасы менен мыйзамсыз алынып келинип, мыйзамсыз катталган 10 оң рулдуу унаа кармалды. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “Унаа” мамлкекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы бөлүмүнүн регион аралык секторунун адиси Б.М.И. 100 доллардан 200 долларга чейин акчалай акы үчүн жеке адамдар менен сүйлөшүп алып, оң рулдуу унааларды мыйзамсыз каттап келгени маалым болгон. 

Б.М.И. соттун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камакка алынды. 

Маалыматка таянсак, аталган факт боюнча дагы Кыргызстанга мыйзамсыз алып келинген унааларды тактап жатышат. Ошондой эле оң рулдуу унааларды мыйзамсыз алып келүү жана аны каттого катышы бар башка жеке адамдар бар же жогу такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости