www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги Бишкекте болгон мас абалдагы жарандын окуясы боюнча маалымат таратты.
10-июль күнү 102 кызматына Кулиев көчөсүндөгү турак үйдө жарандар спирттик ичимдик ичип, коомдук тартипти бузуп, чыр-чатак чыгарып жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
«Окуя болгон жерге кайгуул кызматкерлери барган учурда бир нече жаран мас абалда коомдук тартипти бузуп, өтүп бара жаткан адамдарга асылып, сөгүнүп жаткандыгы аныкталган.
Алар милиция кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөн.
Окуя учурунда милиция кызматкерлеринин бири айланадагы адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мыйзам чегинде самбо ыкмаларын колдонууга аргасыз болгон.
Милиция кызматкери өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында физикалык күч колдонууга мажбур болгон, бирок Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат расмий маалыматта.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда милиция кызматкеринин жаранды эс учун жогото чапканы тууралуу видео тараган.