www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Акнет” ЖЧКнын ишин иликтөөнүн алкагында “Акнет” ЖЧКнын президенти А.К., “Строй сеть” ЖЧКнын башкы директору Б.Е. жана “Строй сеть” ЖЧКнын бухгалтери Л.И. аттуулар кармалышты.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

2019-жылдын 27-март күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын тергөө бөлүмүнөн “Акнет” ЖЧКсынын негиздөөчүсү Р. Абдумажитованын арызы боюнча “Акнет” ЖЧКсынын кызмат адамдарына карата козголгон 5 кылмыш иши кыскартылып, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишин иликтөөнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө 2017-жылдын ичинде “Акнет” ЖЧКсына абаненттик төлөм катары 1 000 000 000 сомдан ашык акча каражаты түшүп, бирок “Акнет” ЖЧКсы 2017-жылдын жыйынтыгы менен таза киреше катары 195 000 000 сом көрсөтүп, калганын чыгашаларга кетирген.

2018-жылдын жыйынтыгы менен “Акнет” ЖЧКсына абаненттик төлөмдөн 1 200 000 000 сомдон ашык акча каражаты түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө “Акнет” ЖЧКсы тарабынан салык мыйзамын аткарып жаткандыгына текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада “Акнет” ЖЧКсынын кызмат адамдары чыгашаларды негизсиз көбөйткөнү жана салыкка жалпы суммасы 150 000 000 сом карызы бар экендиги такталган. “Акнет” ЖЧКсы менен иштешкен жасалма 11 фирма аныкталды.

2016-жылдын июнь айынан баштап 2018-жылга чейин “Акнет” ЖЧКсы жасалма фирмалардын бири “Строй сеть” ЖЧКсына кызмат көрсөтүшкөндүгү үчүн 101 099 401 сом акча каражаты берилип, ал накталай алынып жана кызмат көрсөтүшкөндүгү үчүн деп эсептен чыгарышкан, бирок документалдык түрдө тастыкталган эмес. 2016-жылдын жана 2018-жылдын үч айы үчүн “Акнет” ЖЧКсы менен “Строй сеть” ЖЧКнын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлүп, “Акнет” ЖЧКсынан 14 176 173 сомдук акча каражатын мыйзамсыз эсептен чыгарган факты аныкталган.

2019-жылдын 28-май күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 3-бөлүмүнүн 1-пунктунда (Ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же которуу, адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан) “Акнет” ЖЧКнын ишин иликтөөнүн алкагында “Акнет” ЖЧКнын президенти А.К., “Строй сеть” ЖЧКнын башкы директору Б.Е. жана “Строй сеть” ЖЧКнын бухгалтери Л.И. аттуулар кармалышты.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак:Nazarnews.kg

Последние новости