www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-август күнү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков жалпыга маалымдоо каражаттарына, мени ИИМге төртүнчү ирет суракка чакырып жатышат деп билдирген. Ошондой эле, Р. Жээнбеков, өзүн мыйзамды уккан саясатчы экендиги жана укук коргоо органдарынын иш-аракетин “бийликтин өлкөдөгү оппозицияны толук жок кылуу аракети” катары баалай тургандыгын белгилеген.
Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги маалымдайт, бүгүнкү күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында барымтага алынган, укук коргоо органдарынын кызматкерин өлтүргөн Кой-Таштагы 7-8- август күндөрү болгон окуялардын күбөлөрүн тактоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди. 

Тергөө көп сандаган тергөө иш-чараларын жүргүзүп жаткандыктан, башында көрсөтмөдө айтылбаган кошумча суроолорду аныктоо үчүн бардык катышуучуларды, анын ичинде Равшан Жээнбековду кошумча суроого зарылдык жаралууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости