www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Жарандар турак жай сатып алууда сак болушу керек

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы турак жай алуудагы ар түрдүү багытта алдамчылыктар бар экендигин эскертет. 

Бир нече жыл мурда турак жай кооперативдери түзүлө баштаган, бирок бул жерде да үй сатып алуучулар мыйзамсыз схемаларга туш болуу коркунучуна дуушар болушат – алардын ишинде айкындык жана тактык жок, аманатчылардан чогултулган каражаттар кепилдиктер менен колдоого алынган эмес.

Акыркы жылдары турак жай кооперативдери аркылуу кыймылсыз мүлккө ээ болуу ыкмасы активдүү жайылууда, бирок ошол эле учурда алданган жарандардын саны да өсүүдө. Каржы пирамидасынын негизги белгилери - кыска мөөнөттө турак жай алуу убадасы, ачык-айкындуулуктун жоктугу. Эгерде сизге баштапкы сумманы саласыз жана 4-6 айдын ичинде турак жай ала аласыз деп айтышса, анда бул жерде этият болууга негиз болуп саналат жана каржы пирамидасынын схемасы менен мындай уюмду айланып өтүү жакшы. 

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 12 айына карата турак жай кооперативдери тарабынан алдамчылык фактылары менен жалпысынан 16 турак жай кооперативине арыз-даттануулар келип түшкөн, алар, “Ак үй КЖ”, “Жилье Гарант” , “Элдик Групп”, “Ихсан Групп ЛТД”, “Береке ЛТД”, “Дарим хаус”, “Ордо-Мурас”, “М строй групп”,   “С-Лайн”, “Биринчи турак-жай кооперативи”, “Ансар”, “Ипотека”, “МПК коператив”, “Нью миленниум”, “Эл биримдиги”.  

2022-жылдын 12 айына карата Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 1515 кылмыш иши катталган, мурунку жылдан 9 кылмыш иши өткөн, бардыгы болуп 1524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Анын ичинен 1284 кылмыш иши соттук кароого жиберилген. Жалпысынан 1524 адам жабырлануучу болуп табылган. Жалпы келтирилген материалдык зыян 901 млн. 726 миң 029 сомду түзөт. Учурда өндүрүлгөнү 108 млн 855 миң 713 сом  түздү. Бардык козголгон кылмыш иштери боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде тергелип сотко жиберилди, Учурда калган кылмыш иштери боюнча тергөө улантылууда.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы турак жайларга жогорку талап болгондугуна байланыштуу кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө алуунун ар кандай түрлөрү бар экендигин белгилейт. Бирок сатып алуучулардын кызыкчылыгын коргоодо алардын ичинен дагы туура келбегени бар. Мыйзам боюнча коммерциялык эмес турак жай кооперативдерин түзүүгө уруксат берилген. Бирок, ошол эле учурда кооперативдердин кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө каржы пирамидасына окшош ишмердүүлүк жүргүзгөндөрү тынчыздандырат. 

Ушуга байланыштуу, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга коммерциялык эмес турак жай кооперативдери аркылуу үйлөрдү сатып алуу максатында акча каражаттарын салууда тобокелчиликтер бар экендигин эскертет. Урматтуу жарандар, турак жай алууда абдан сак болуу керек.   Сиздерди алдап кетиши толук мүмкүн. Учурда 1524 адам алданып, келтирилген зыяндын саны миллиард сомго чукулдады.  “Жети өлчөп, бир кесүү” керектигин эч качан унутпасаңыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости