www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол акы 21 сомдон 32 сомго чейин көтөрүлөбү?...

Бишкек мэриясы жол кире акысын көтөргөнү жатат. Ансыз да баары кымбаттап, эл күнүмдүк оокаттын араң таап, эптеп жашап жатканда, жол киренин баасы жогоруласа, нааразычылык шаардыктарды көчөгө чыгарат. 

Буга чейин дагы жол кирени көтөрүү маселеси талкуу жаратып, мэриянын сунушу өткөн эмес. Эми кайрадан коомдук транспортто жүрүү баасын көтөрүүгө аракет жасалууда. 

Төмөнкүдөй тариф сунушталды: 

- троллейбустарда жана автобустарда - 15 сом;

- маршруттук таксилерде: 

- саат 06:00дөн 20:30га чейин - 21 сом; 20:30дан 06:00гө чейин - 32 сом;

Эл мындай бааны көтөрө албайт. Ансыз да 15 сом көптөгөн тургундарга оорчулук жаратууда. Маселен, бир үйдөн 3-4 баласы мектепке барса, өздөрү ишке чыкса эле, түз эч нерсе жебей барып келгенге 200 сом, маршрут алмаштырып барса 400 сом, түштөнө турган болсо, үнөмдөгөн учурда дагы аз эмес акча коройт.

Ошондо бир үй-бүлө бир күнгө бери жагы миң сомго чейин сарптайт. Бир айга эсептесе, жумушчу күнгө алганда 20-22 күнгө аз дегенде 20 миң сом жумшалат. Жол кире кымбаттаса бул сумма эки эсеге чейин өсөт.

Азыр шаарда жашагандардын баарысы эле 40-50 миң сом таппайт. Тапкандар деле балдары мектепке, өздөрү ишке барып келген күнүмдүк жол киреге иштеп калышат.

Андай болсо үйүндө кесерип ачка отурушабы?  Ижара акысы, коммуналдык төлөмдөр бар. Жамандык, жакшылык болот. Эл тентийби? Бул жагдай бийликтин күнү бүтүшүн шарттайт. Элин ойлобой жонунан кайыш тилген бийликти жакшы көрмөк беле?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости