www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жактоочу Икрамидин Айткуловдун үстүнөн дагы бир арыз түштү. Бишкек ШИИББинин берген маалыматында, бул жолкусунда Айткуловдордун үй-бүлөсү алдамчылыкка аралашкан. Ал маалыматка таянсак, жактоочунун аялы жана баласы 2016-жылы М.А. аттуу жарандан 11 миң 678 доллар алып, бирок, кайтарып беришкен эмес. Алар акчаны бир айга карызга алышкан. Андан кийин 2017-жылы кайра 3 айлык мөөнөткө келишим түзүп, аны аткарган эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эске сала кетсек, Икрамидин Айткулов Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болгон. Генерал кармалгандан көп өтпөй жактоочусуна да "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук өндүрүшкө алынган. Анда да жактоочунун үстүнөн акча алып бербей койгону боюнча арыз түшкөн, тактап айтканда, 5500 долларын алдамчылык жолу менен Икрамидин Айткулов ээлик кылып алганына арызданып, 2018-жылдын 19-сентябрында Н.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Последние новости