www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы шайлоо жараяны жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу брифингде Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) байкоочулар миссиясынын башчы катчысы Адамо Баубокар билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өлкөдөгү шайлоо процесси өз нугунда өттү десе болот.

«Январдагы шайлоолордон кийин системаны жакшыртуулар болду. Айрым даттануулар катталды, бирок алардын баары жеринде чечилди. Шайлоо участоктору толугу менен жабдылган жана шайлоону өткөрүүнүн тиешелүү заманбап талаптарына жооп берет», - деди ал.

Ошондой эле ал жыйынтыгында аялдардын шайлоого жогорку катышуусун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости