www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан президенти Илхам Алиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

“9-Май биздин бардыгыбыз үчүн кымбат майрам, ал кандуу, кыйраткыч согуштун катаал жылдарын ар-намыс менен басып өтүп, кайраттуулук жана баатырдык, туруктуулук жана жан аябастыгы менен адамзатты фашизм коркунучунан сактап калган элдерибиздин даңктуу тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Улуу Жеңиш биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Согуштун узак жылдарындагы оор сыноолордо көрсөтүлгөн биздин элдерибиздин достугунун жана өз ара колдоонун жакшы салттары мындан ары да Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кала берерине ишенем”, - деп айтылат куттуктоо катында.

Илхам Алиев Садыр Жапаровго жана бардык согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, жалпы бир тууган Кыргызстан элине бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости