www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир топ мурдагы советтик жумуриятта бүгүн Жеңиш күнү белгиленүүдө. Бирок башка дүйнөдө Жеңиш 8-май күнү майрамдалат, анткени капитуляция тууралуу актка 1945-жылы 8-май күнү кол коюлган. Согушта жеңгендер арасындагы пикир келишпестиктер ошондо эле башталган экен. Азыр Украинага каршы ачылган согуш дагы ушундай араздашуу менен түшүндүрүлөт, бирок чыныгы себептер, албетте, башка жана терең.

Фашизмди жеңген мамлекет кошуна өлкөгө кол салып, согуштун максаты – ошол өлкөдөгү нацизмди жок кылуу дейт, бирок алар өздөрү азыр ошондой эле мыкаачылыкка барып жатат, согушту токтотуу үчүн аларга каршы санкция жарыяланганда болсо, аны адилетсиздик деп эсептейт.

Улуу ата-мекендик согушта 100 миңге жакын кыргызстандык адам курман болгон жана азыркы согушта дагы кыргыз балдар өлө баштады, анткени алар бөтөн мамлекеттин жарандагын алып алган жана ошол жакта аскерге чакырылган. Бул дагы чоң маселе – кайсы бир экономикалык жеңилдиктер үчүн кыргыз жарандыгын чануу керекпи?

 

Последние новости