www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иликтөө: COVID-19 мээнин клеткаларын жабыркатпайт

COVID-19 оорусун чакырган SARS-CoV-2 вирусу адамдын мээсинин клеткаларын жабыркатпайт. Окумуштуулардын изилдөөсү Cell журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.

Германия менен Бельгиянын илимпоздору коронавирус инфекциясынын эң негизги симптомдорунун бири аносмияны, тагыраагы, жытты сезбей калууну изилдешкен.

Эксперттер 85 адамга байкоо жүргүзгөн, арасында оорудан каза тапкандар болгон. Натыйжада адамдын жыт сезүүнү жоготушуна мээнин клеткалары жооптуу эмес экенин аныкташкан.

"Биз инфекция жыт сезүү үчүн жооптуу нейрондорду жабыркатат деген далилди тапкан жокпуз. Баш сөөктүн ичинде ал ткандар дагы таза бойдон экен. Эгер коронавирус жыт сезүү нейрондорун жабыркатса, мээге дагы зыянын тийгизмек. Адам жытты башка эле клеткалардын жабыркашынан сезбей калат", — деген адистер.

Guardian гезити бул изилдөө вирус жыт сезүү былжыр челиндеги нейрондордун ишин үзгүлтүккө учуратат деген божомолдорду жокко чыгарарын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости